Ссылки доступа

Казакстанда жана КМШда чочко ылаңынан каза тапкан учурлар катталууда


Дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринде тарап жаткан “чочко ылаңы” , же H1N1 вирусу Казакстанда да катталып, бир адам көз жумду.

19-январь күнү өкмөт бул илдетти жуктурган алгачкы бейтап жашоо менен кош айтышканын расмий кабарлады. Мурдараак Орусиянын да айрым аймактарында вирус жайылып, 5 киши каза болгону, ондогон адамдар ооруканага түшкөнү маалымдалган.

Көбүнчө өлүм менен аяктаган H1N1 вирусу Украинада, Иранда, Грузияда жана башка өлкөлөрдө адам өмүрүн кыйып, жүздөгөн кишилер дарыланып жатышат. Алгач ирет бул пандемия 2009-жылы Мексикада катталып, тез арада башка мамлекеттерге жайылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, андан бери оорудан 18 миңден ашуун киши жашоо менен кош айтышты.

XS
SM
MD
LG