Аталган уюм Орусиянын экономикасы дагы төмөндөшү мүмкүн экенин, ал эми КМШ мейкиндигиндеги мамлекеттерде да өсүш жайлай турганын жарыялады.
2016-жылы Орусиянын экономикалык өсүшү 1 пайызга кыскарат, ал эми КМШ өлкөлөрүнүн ички дүң өнүмү 0,5 пайыздан 2,3 пайызга чейин түшөрү күтүлүүдө.
Мунайдын баасынын арзандашы жана Батыштын санкцияларынан улам быйыл орус экономикасы олуттуу кыйынчылыктарды баштан кечириши турган иш. Орусияда өнүгүү 2017-жылы кайра башталары, КМШда 3,2 пайыз жылыш болору айтылат Эл аралык валюта фондунун баяндамасында.
Ошондой эле дүйнөлүк экономикада дагы артка кетүү болору жоромолдонгон.