Ссылки доступа

Кыргызстанда Сирияга кеткендердин саны такталууда


Бишкек шаардык ички иштер Башкы башкармалынын башчысы Кашкар Жунушалиев маалымдагандай, баш калаада былтыр Сириядагы согушка тартылгандар боюнча 22 учур катталган.

Бир жылда тыюу салынган «Хизб-ут Тахрир» экстремисттик уюмунун идеологиясын жайылткан 50 факт кездешип, анын 11и боюнча кылмыш иши ачылган. 90дон ашык радикалдуу топтордун мүчөлөрү каттоого алынып, 6 экстремисттик уюм аныкталган.

Соңку маалыматка ылайык, Сирияда эл аралык террордук уюмдардын катарында жүргөн кыргызстандыктардын саны 500гө чукул. Алардын көбү Жалал-Абад жана Ош облусунун тургундары. Согуштарда 30га жакын кыргыз жараны мерт кеткен.

XS
SM
MD
LG