Ссылки доступа

Түркмөнстанда тамеки сатууга тыюу салынды


Түркмөнстандын дүкөндөрүндө тамеки сатылбай калды.

Эми тамекиден баш тарта албагандарга оор болууда: тамекинин баасы кескин көтөрүлүп, аны сатып алуу да оңойго турбайт.

5-январда Мамлекеттик кеңеште президент Бердымухамедов Таза коомдун коопсуздугун коргоо кызматынын ишине нааразычылык билдирген. Жетекчиге сөгүш жарыяланган эле. “Түркмөнстан хроникалары” сайты маалымдагандай, өлкө башчы тамеки чегүүнү азайтуу үчун токтоосуз иш-чараларды көрүүнү талап кылган.

Андан кийин Түркмөнстан бийлиги тамекинин бардык түрүн сатуу аракеттерине чек койду. Көмүскөдөн саткандар 10 айлык акыга тете (5900 манат или 1680$) айып пулга жыгылат.

Азыр тамекини тааныштардан жана тымызын иштегендерден гана тапса болот. Дүкөндөрдүн ээлери чоочундарга тамеки сатуудан коркушат. Бир таңгак тамекинин баасы 2 эсе өсүп, 13 долларга чыкты. Эми кээ бирлер тамекини 40 центке алып калышты.

Өлкөдө чылым тартууга каршы көп жылдан бери күрөш жүрүүдө. 2011-жылы Түркмөнстанда тамекиге болгон акциз көтөрүлгөн. Эки жылдан кийин бийлик коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салган.

Саламатты сактоо дүйнөлүк уюмунун маалыматы боюнча, Түркмөнстан тамеки тарткандардын саны боюнча дүйнөлүк тизменин артында турат.

XS
SM
MD
LG