Абдулло Мухаккик Борбор Азия өлкөлөрүндөгү канайымдардын арасынан алгачкылардан болуп Меккедеги Каабага кирип, намаз окуганы үчүн Рахмонованы ыйык Айша менен салыштырган.
Азизамо Рахмонова коомчулукка көп көрүнбөйт. Былтыр жайында ал улуттук көйнөк кийип, жоолук салынып,жолдошун Малайзиядагы сапарда коштоп жүргөн.
Көпчүлүк жарандар анын мындай кадамына оң баа беришкен. Ошол эле маалда сын-пикирлер да айтылган.
Былтыр декабрда Эмомали Рахмон «Тынчтык жана биримдикке негиз салуучу – Журт башы жөнүндөгү” мыйзамга кол коюп, өзүнө “Улут көсөмү” деген макамдын ыйгарылышына макул болгон. Ага ылайык, мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрү өмүр бою кол тийбестик менен камсыздалып, алардын коопсуздугусакталып, социалдык кепилдиктер берилет. Эми мамлекет башчынын жубайын да “аялдар көсөмү” деп атоо сунушталууда.
Буга каршы чыккандар Тажикстан жеке адамдын керт башына сыйынуу жолуна түштү, деген нааразылыктарын айтып жатышат.