Ссылки доступа

Алматада ипотека алгандардын нааразылыгы уланууда


Ипотекалык насыя алган ондогон жарандар бүгүн Алматадагы бир нече коммерциялык банктардын кеңселери жайгашкан имараттын алдына митингке чыгышты.

Алар насыя тууралуу келишимди кайра карап чыгууну, коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушууну талап кылышууда. Ошондой эле каржы уюмдарынын мамлекеттик кайра каржылоо программасы боюнча ишине каршылык билдирип жатышат.

Теңгенин девальвациясына байланыштуу доллар менен алган насыяларды төлөө кыйын болуп жатканын да айтышууда. Чогулгандарга «Центр Кредит» банкынын өкүлү Асхат Суйнишев чыгып, ипотеканы кайра каржылоо программасынын алкагында бул банкка 15,5 миллиард теңге бөлүнгөнүн, азыркы тапта арыздардын 50 пайызы каралып бүткөнүн маалымдады. Анын билдирүүсүндө, айрымдар түрдүү себептер менен аталган программага кирбей калды. Алардын маселесин Улуттук банк чечүүгө тийиш.

Казак өкмөтү быйыл ипотеканы кайра каржылоо долбооруна жалпысынан жүз отуз миллиард теңге бөлгөн. Ага катышуу үчүн миңдеген арыздар түшүп, бир тобу канааттандырылган.

XS
SM
MD
LG