Ага ылайык, быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Үркүндүн 100 жылдыгы, Тайлак баатырдын 220 жылдыгы, Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы, кеменгер ойчул Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы эл аралык маанидеги иш-чаралардын катарына кирди.
Буга чейин өкмөт мамлекеттин эсебинен каржылануучу маараке тойлорду азайтуу демилгеси менен чыккан. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жетимиш беш иш-чарадан турган тизмени сунуштаган. Анын зарыл делгендери тандалып алынды.
Ошондой эле быйылкы Тарых жана маданият жылын татыктуу өткөрүү үчүн мамлекеттик дирекция түзүлүп, ага кыска убакытта иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.