Ссылки доступа

Астрономдор Күн системасында жаңы планета табылганын жарыялашты


Күн системасында жаңы планета табылганын кабарланды.

АКШдагы астрономдор Күн системасында тогузунчу планета табылганын жарыялашты. Ал 2006-жылы ири планеталардын катарынан чыгарылганПлутондун ордун ээлеши мүмкүн. Калифорниядагы технологиялык изилдөөлөр институнун адистери 19-январда жарыялаган баяндамада айтылгандай, жаңы табылган планета Нептундан да алыста, көлөмү Жерден 10 эсе кичи.

Күн системасында 2006-жылга чейин тогуз планета бар деп айтылып жүргөн. Бирок Плутондун көлөмүчакан болгондуктан, планета деп айтууга болбойт деп тизмеден чыгарылган жана ошол жылы илимге кирген “Эргежээл планеталар” тизмесине кошулган.

Азыр күн системасында Меркурий, Венера, Жер, Марс, Юпитер, Сатурн, Уран жана Нептун аталышындагы ири пленаталар бар. Андан сырткары бир катар майда планеталар белгилүү.

XS
SM
MD
LG