Ссылки доступа

Кишиневдо митингчилер парламентке кирип кетишти


Молдова парламенти Павел Филип баштаган европачыл маанайдагы жаңы өкмөттү бекиткен соң ага нааразы болгон демонстранттардын бир тобу парламент имаратына кирип барышты.

Караңгы кириши менен өлкө желегин көтөргөн митингчилер полиция тосмосун бузуп өтүп, ичкери кирип кеткени тартылган тасма интернетке тарады.

Мунун алдында парламент жаңы өкмөттү бекитүү менен өлкөдөгү саясий кризиске чекит койгону айтылган. Жаңы өкмөттү парламенттеги 101 депутаттын 57си колдогон. Башкаруучу Демократиялык партиянын мүчөсү, 49 жаштагы Павел Филип буга чейин телекоммуникация министри болуп иштеген. Ал акыркы бир жыл ичиндеги үчүнчү премьер-министр болуп калды.

Молдова былтыр октябрда өкмөт коррупциялык чатактан улам кызматтан кеткен соң саясий кризиске кептелген. Тышта миңдеген демонстранттар эрте шайлоо өткөрүү талабы менен тургандыктан добуш берүү полициянын жүздөгөн кызматкеринин коргоосунда коопсуздук чаралары күчөтүлгөн шартта өткөн. Митингди орусиячыл оппозициялык саясатчылар уюштурганы менен арасында европачыл маанайдагы демонстранттар да болду. Алар жаңы өкмөт да ошол эле башкаруучу партиядан куралганына нааразы болуп, жаңы келгендер мурдагы өкмөттүн коррупциялык тажрыйбасын сындыра аларынан күмөн санап турганы айтылып жаткан.

XS
SM
MD
LG