Ссылки доступа

Орус аскеринин колунан бычак жеген тажик жараны акчалай жардам ала элек


Тажикстанда жайгашкан Орусиянын 201-аба базасында кызмат өтөгөн аскерлердин көптөгөн туура эмес кылык-жоруктарына нааразылыктар токтой элек.

Былтыр алардын мушташтарга, киши өлтүрүүлөргө аралашканы, жергиликтүү жарандарга кол салган учурлары катталган.

Кулябдык таксист Тахир Султанов да өткөн жылы орус аскери Дмитрий Толстойдун кылмыштуу аракетинен жапа чегип, бычактан алган жарааттан араң аман калган. Толстой Тохирдин жоон санына бычак уруп, автоунаасы менен качып кетүүгө аракет кылган. Бирок жабырлануучу ага каршылык көрсөтүп, автоунаа оодарылып кеткен. Аскер андан чыгып, Тохирге 17 жолу сокку уруп, өлтүрүүнү көздөгөндө өтүп бараткан адамдар куткарып калышкан.

5 айдан бери Тохир компенсация ала албай жүрөт. Бетинде 7 тырык калып, колу иштебей калган. Тохирдин атасы Мулоражаб Султанов баласын дарылоого болгон акчасын жумшап, карызга баткандыктан, үйүн сатыкка коюуну ойлонууда.

Султановдор азыр сот адилет чечим чыгарат деп үмүт артып жатышат. Орус тараптан 400 миң рубль компенсация сурап, автоунааны оңдо берүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG