Ссылки доступа

Тажикстанда сакалчандардын саны азайууда


Өлкөдө милиция кызматкерлери сакалчандар менен күрөшnү улантууда.

Соңку бир жылда эле Хатлон облусунда 13 миңге жакын адамдыy сакалы күч менен алынып салынганын облустук милициянын башчысы Бахром Шарифзода билдирди. Ички иштер органдарынын кызматкерлери диний кийим кийгендерге каршы жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча да отчет берүүдө. 2015-жылы 2 миңге жакын аял хижаб кийүүдөн баш тартып, мындай кийим саткан 162 дүкөн дагы жабылды. Бийликтердин хижаб кийгендерге жана сакалчандарга каршы күрөшү былтыр жазында башталган. Сегиз миллион калкы бар Тажикстанда калктын 90 пайызын мусулмандар түзөт. Исламдагы милдеттүү эмес эрежелер боюнча, эркек сакал коюп жүрүшү керек. Ал эми хижаб аялдар үчүн парз болгон кийимдин түрүнө кирет.

XS
SM
MD
LG