Ссылки доступа

Ооганстанда журналисттерге кол салуудан 7 адам мерт кетти


Ооганстандын башкалаасы Кабулда 20-январь күнү террорист-жанкечти Tolo TV медиамекемесинин журналисттерин бутага алды.

Каналдын кызматкерлерин ташып бараткан кичи автобус жардырылып, 7 киши жашоо менен кош айтыштты. Дагы 25 адам жараат алды. Бул Ооганстанда журналисттерге кол салынган ири окуя катары сыпатталууда.

Кабул полициясынын башчысы Абуд Рахман Рахими билдиргендей, жанкечти өзү башкарып келаткан унаа менен телевидение кызматкерлери бараткан кичи автобусту сүзүп, бомба жардырган. Окуяга азырынча эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

ToloTV бир канча телеканалдардын тармагы болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG