Ссылки доступа

Орусия Сирия бийлигин чыңдоого көмөктөшүүдө


Орусиянын Сириядагы аскердик операциялары Башар Асаддын бийлигин бекемдөөгө жардам берди.

Бул тууралуу НАТОнун аскерий кол башчыларынын жолугушуусун утурлай АКШнын Куралдуу күчтөр штабдарынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд билдирди. Анын баамында Москванын аракети Башар Асаддын бийлигине Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдө өздөрүн ишенимдүү алып жүрүүгө шарт түзөт.

Орусиянын жардамы менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчулардан бир катар аймактарды тартып алып, оппозицияга туруштук бере албай жаткан айрым райондордогу позициясын чыңдап алды.

Данфорд соңку айларда эки жолу орусиялык кесиптеши Валерий Герасимов менен сүйлөшкөнүн, бирок Москва, АКШ жана анын эл аралык коалициядагы өкүлдөрү бири-бири менен макулдашпай эле операция жүргүзүп жатышканын белгиледи.

Орусиянын аскердик саясатын Улуу Британиянын Коргоо министри Майкл Фаллон да сынга алды.

Сириядагы оппозициянын маалыматы боюнча, Орусиянын аба соккуларынан өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун 893 согушкери жок кылынды. Ошол эле маалда 1000ден ашуун карапайым тургундар да набыт кетти.

XS
SM
MD
LG