Ссылки доступа

Алматанын абасы жашоочуларга кооптуу


Бул тууралуу Almaty Urban Air долбоорунун активисттеринин иликтөөсүнөн кийин белгилүү болду.

Алардын маалыматына таянсак, Алмата бир нече жылдан бери жаратылышы бузулган калаалардын катарында турат. Абанын булганганы ченемден ашып кеткени менен, бийлик чыныгы экологиялык абалды жашырып келген.

Активисттер Казакстандагы АКШ элчилигинин грантын утуп алышып, “PM10” деп аталган абаны текшерген жабдык сатып алышып, байкоо салышкан. Аны шаардын борборуна орнотушуп, натыйжада абанын ченемден тыш 8 эсе көп булганганын аныктаган.

Изилдөөнүн жыйынтыгы жергиликтүү жашоочулардын арасында кооптонууларга түрткү берди. Гидрометеорология кызматы буга чейин тиешелүү маалыматты ачык жарыялаган эмес, дешет активисттер.

Urban Air долбоорунун тиркемесин IOS байланыш каражаттарында бир жума жана Андроид уюлдук телефондордо 3 жума гана көрүүгө мүмкүн болду. Уюштуруучулар долбоорду жабууга мажбур болгондуктарын, бирок иш улана берерин жарыялашты. Коомчулукта кызуу талкуу жаралган соң, жергиликтүү бийликтин булганган аба жөнүндө ачык айта баштаганы байкалууда.

XS
SM
MD
LG