Ссылки доступа

Тажикстанда лөлүлөрдүн маданиятын өзгөртүү аракети көрүлүүдө


Тажикстандын Восей районунда лөлүлөр кайыр сурабай калышты.

Алар үйлөрдү кыдырып, каткан нан чогултуунун ордуна, үй-тиричилигине керектүү шаймандарды сатууга өтүштү. Мындан тышкары атайын ачылган ашканадан тамактанышат. Анын кожоюну Бахтулло Мирзоев буга чейин Восей районундагы лөлүлөрдүн атайын мектебин жетектечү. 30 жыл мурун ал лөлүлөр жашаган аймактан жер тилке алып, алар менен коңшу туруп, көнүп калганын айтат.

2006-жылы лөлүлөр үчүн атайын мектеп ачып, аны өзү башкарган. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин да лөлүлөрдүн жашоосуна кайдыгер карабай, ашкана иштете баштады. Пахлавонобод айылынын 63 жаштагы тургуну Шомад Бозоров Бахтулло Мирзоев балдарга билим берүүдөн тышкары кыштакты суу менен камсыз кылганын билдирди.

Ошондой эле жашоочулар Мирзоевдин жардамы менен паспорт жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү алганын белгилешүүдө. Азыр анын ашканасынан күн сайын 30дан 50 адамга чейин тамактанат. Лөлүлөргө тамак-аш арзан баада сатылып, карызга да берилет. Муну менен алардын маданиятын өзгөртүү, коомго аралаштыруу аракети көрүлүп жатат. Восей районун 3 миңге жакын лөлү байырлайт.

XS
SM
MD
LG