Ссылки доступа

Орусияда инвестиция көлөмү 92 пайызга азайды 


Бириккен улуттар уюмунун соода жана өнүгүү конференциясы даярдаган баяндамада жазылгандай, 2015-жылы Орусияга келген чет элдик түз инвестициянын көлөмү мурунку жылга караганда 92 пайызга кыскарды.

Дүйнөдө болсо бул көрсөткүч 36 пайызга өскөн. Глобалдык деңгээлдеги инвестициялар 1,7 триллион долларды түзүп, 2008-жылдагы экономикалык каатчылыкка караганда жогору деп бааланды.

АКШ экономикасына салынган чет элдик инвестициянын агымы 384 миллиард доллар болгон. Андан соң Гонконг ($163 млрд) жана Кытай ($136 млрд) турат. Нидерланды, Улуу Британия, Сингапур, Индия, Бразилия, Канада менен Франция кийинки сапта.

Орусиядагы төмөндөөгө мунай баасынын арзандашы түрткү берген. Ошол эле маалда чет элдик инвесторлор эч нерсеге карабай Орусиянын мунай жана газ тармагына акча салууну улантууда.

Былтыр жайында орус президенти Владимир Путин 2014-жылы келген чет элдик инвестициялар 21 миллиард долларга жеткенин айткан эле.

XS
SM
MD
LG