Ссылки доступа

Террорчуларга курал саткан деп шектелген милиция кызматкери сурак берүүдө


Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын курал-жарак кампасынын жетекчиси, милициянын подполковниги Бөрүбай Райымбеков 17-январда камакка алынган эле.

Анын үйүн тинткенде бир тапанча табылган. Маалыматка караганда, Райымбеков өткөн аптада Базар-Коргон районунда табылган ири өлчөмдөгү ок-дары, куралга, аларды сатууга тиешеси бар деп шектелүүдө. УКМК азырынча бул тууралуу расмий комментарий бере элек.

Атайын кызмат 14-январда Базар-Коргондо гранатомет дүрмөтү жана 5,45 жана 7,62 мм калибрдеги алты миңден ашуун ок табылганын кабарлаган. Бул факт боюнча Сирияга согушка барып келген делген, былтыр жайында Бишкекте атайын операцияда жок кылынган террорчул топко тиешеси бар деп шектелген бир адам камакка алынган. Айыпталынып жаткан милиция кызматкери жогоруда кармалган ок-дарыларды сатууга тиешеси бардыгы айтылууда.

Укук коргоочулар бул милиция курал сатууга аралашкан биринчи окуя эместигин билдирип жатышат. Азыр тергөө уланууда.

XS
SM
MD
LG