Ссылки доступа

Казакстанда жарандык активист шарттуу түрдө эркинен ажыратылды


Астанада “улут аралык чатакты чыгарууну көздөгөн” деген айыптын негизинде камакка алынган жарандык активист Болотбек Бляловго шарттуу түрдө үч жыл жаза мөөнөтү берилип, өкүм угузулгандан кийин сот залынан бошотулду.

Буга чейин өзүнө коюлган күнөөлөрдү четке кагып, кылмыш иштин козголушун саясий негизге байланыштырып келген Блялов бул ирет айыптымоюнга алып, мурунку пикирлерине өкүнө турганын билдирди.

Ал жарандык коом өкүлдөрүнүн көпчүлүгү бул ишти жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып келгенин, азыр мурдагы ойлорунан кайтып, үй-бүлөсү башкы байлык экенин аңдаганын кошумчалады. Ошондой эле кылмыш ишти саясий кызыкчылыктар менен өзүн-өзү жарнамалоодо колдонбоого чакырды.

Анын кесиптеши Максат Илясулы Болотбек Бляловдо коомдук-саясий жашоону же үй-бүлөнү тандап алуу боюнча эки жол болгонун, эгер өз көз карашында бекем турса, бир нече жылга абакка кесилмек, деген ою менен бөлүштү.

«Демократия жана адам укуктар институту» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Болотбек Блялов былтыр ноябрда кармалган. Ага “социалдык, улут аралык чатакты чыгарууну көздөгөн” деген айып тагылган. Тергөө ал Интернетке жайгаштырган материалда эл арасында чыңалууга түрткү бериши ыктымал болгон жагдайлар бар экенин билдирген болчу.

Блялов Астанада турак-жай көйгөйүн чече албай жүргөн тургундардын укугун сотто коргогон жарандык активист катары да белгилүү. Ошондой эле Орусиянын ракеталарын Казакстандагы Байкоңур космодромунан учурууга каршы чыккан «Антигептил» тобунун жигердүү мүчөсү.

XS
SM
MD
LG