Ссылки доступа

Тажикстанда жемкордук өнүгүүгө жолтоо болууда


Дүйнөлүк экономикалык форум даярдаган жаңы иликтөөдө Тажикстан атаандаштыкка жөндөмдүүлүк деңгээли боюнча 140 мамлекеттин ичинен 80-орунга илинип, алдыга жылды. Өлкө тизмеде Гватемала, Украина, Греция жана Армения менен катарлаш.

Бир жыл мурун Тажикстан 91-орунду ээлеген эле. Иликтөөнүн жыйынтыгы 20-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан экономикалык форумда жарыяланды.

Эксперттердин баамында, Тажикстандын алга жылуусуна көптөгөн иштердин аткарылганы себеп. Бирок, бийлик алдыда каттоо мөөнөтүн кыскартышы керек.

Тажикстан дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан жолдордун сапаты боюнча 82, энергетикалык камсыздоо жаатында 106-орунду алды.

Тыянакта 2 миллиард доллардан ашкан мамлекеттик карыз да эске алынган. Сооданы өнүктүрүүгө жолтоо болуп жаткан он алты тоскоолдук бар экени да жазылып, буга салыктын көптүгү жана жемкордук илдети мисал келтирилген.

XS
SM
MD
LG