Ссылки доступа

АКШда кош жарандыгы барлар үчүн виза тартиби күчүнө кирди


Американын бийлиги жаңы эрежелер иштей баштаганын  жарыялады.

Ага ылайык, Иран, Ирак, Сирия жана Судандын Европа Биримдигинде да кош жарандыгы бар атуулдары жана бул өлкөлөргө 2011-жылдын мартынан бери баргандар виза алышы керек, деген талап коюлууда.

Бул тартип аталган мамлекеттерге журналист, өкмөттүк кызматкер, гуманитардык миссиялардын өкүлдөрү катары баргандарга тиешелүү эмес.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Марк Тонер, жаңы эрежелердин аткарылышы катуу көзөмөлдөнө турганын айтты.

Укук коргоо уюмдары мындай чечимди сынга алууда.

Чектөөлөр Париждеги жана Калифорния штатынын Сан-Бернардино шаарындагы кандуу окуялардан кийин кабыл алынган. Расмий Вашингтон муну террордук коркунучтардан коргонуу аракети катары түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG