Ссылки доступа

Ташкенде жоолук салынган айдоочу айымдар айып пулга жыгылууда


Өзбекстандын баш калаасында жол күзөт кызматкерлери жоолук салынган айдоочу айымдарга айып пул салып жатат.

Ташкендин тургуну Наргиза автоунааны башкарып бараткан учурда жоолукту өзбектердин улуттук салтына ылайык артка салынбай, оронуп алганы үчүн жаза пул төлөгөнүн билдирди. Мындай учурлардын көп катталып жатканына жергиликтүү жашоочулар нааразы.

Ташкен шаардык Ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмүнүн басма сөз катчысы Зоиржон Саидалиев болсо бул маалыматты четке кагып, далил жок экенин айтууда.

Анткен менен Өзбекстанда жоолук оронгон аялдарга каршы күрөшүү аракети бир нече жылдан бери жүрүп жатканы белгилүү. Буга чейин “Азаттыктын” өзбек кызматы укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдардан жоолукту арабдардай оронбой, артка салынууну талап кылып келгенин кабарлаган.

Өткөн жылы декабрда милиция кызматкерлери Ташкендин көчөлөрүндө жоолук оронгон аялдарды токтотуп, аны чечүүнү талап кылышкан. Баш тарткандарга 700 миң сум айып пул салынарын же 2 жылга абакка кесилерин эскертип жатканын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышкан эле.

Ал эми жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу маалелеринин активисттери жоолукчан айымдарга түшүндүрүү иштери акимчилик менен Ички иштер министрлигинин көрсөтмөсү менен жүргүзүлүп жатканын моюнга алышкан.

2015-жылдын сентябрында Ташкендеги №2 төрөт үйүнүн жетекчилиги кызматкерлерден жоолук оронуп жумушка келбөөнү талап кылганы, аны аткарбагандар иштен алынарын эскерткени ачыкка чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG