Ооганстан менен чектеш аймактарда кырдаал оорлошуп баратканына байланыштуу Улуттук коопсуздук комитет жогоркудай демилге көтөрүп чыккан.
Мекеменин алдындагы Чек ара башкармалыгынын жетекчиси Ражабали Рахмонали билдиргендей, Ооганстан менен чек арадагы абал тынчсыздантууда.
Анткени, Тажикстан менен чектешкен Ооганстандын Кундуз, Тахар жана Бадахшан дубандары Талибан кыймылынын көзөмөлүндө.