Ссылки доступа

Сомалидеги кол салуудан 20дай адам мерт кетти


Сомалинин баш калаасы Могадишодо ресторандарга бейшембинин кечинде болгон кол салуулардан кеминде 20 адам каза тапты.

Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. Согушкерлер жардыргыч зат салынган эки унааны жардырышып, андан кийин ресторанда отургандарды көздөй ок чыгарышкан.

Жараат алгандардын саны 20га чукул экени кабарланууда.

Азыр күч органдары чабуул болгон жерлерде согушкерлерди жок кылуу операциясы жүргүзүп жатат.

Кол салуулар үчүн "Аш-Шабаб" радикал уюму жоопкерчилик алды. Бийлик алардын аракетин “мыкаачылык” деп атады.

XS
SM
MD
LG