Ссылки доступа

Президент Барак Обама качкындардын глобалдык саммитин өткөрөт


АКШ президенти Барак Обама быйыл сентябрь айында БУУнун башкы ассамблеясында дүйнөлүк лидерлерди качкындардын глобалдык саммитин өткөрүүгө чакырууну пландаштырууда.

Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама Германиянын канцлери Ангела Меркель менен телефондук сүйлөшүү учурунда билдирген. Бул жолугушуунун максаты согуштук аракеттер жүрүп жаткан өлкөлөрдөн чыккан качкындар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүнү көздөй турганы белгиленген.

Обама менен Меркель Европадагы качкындар менен мигранттар агымынын күчөшүнө байланыштуу пайда болгон гуманитардык кризистин кесепеттерин жоюу маселесин сүйлөшкөн. Эки лидер Украинанын чыгышындагы чатакташкан тараптарды жараштыруу боюнча Минск макулдашуусунун шарттарын аткарууну көзөмөлдөө жагын талкууга алышкан.

XS
SM
MD
LG