Ссылки доступа

Орусия Сирияда кошумча база курушу ыктымал


Америкалык CNN жана Fox телканалдары расмий өкүлдөргө таянуу менен Орусия Сириянын түндүк-чыгышында аскердик базанын курулушу үчүн жер караштырып жатат, деген жоромолду жарыялашты.

Москва мындай кадам менен аймактагы кырдаалды ого бетер курчутушу ыктымал деп айтылат андагы маалыматта.

Орусиялык аскерлер тобу, анын ичинде инженерлердин Түркияга чектеш Эл-Камышлы шаарындагы кароосуз калган аэродромго барганы байкалган. Бул сапардын “чалгындоо” экени айтылууда. Былтыр ноябрдын этегинен бери орус-түрк алакасы кескин начарлап кеткенин эске алганда, Анкара аба базанын курулушуна кескин каршы чыгары күтүлүп жатат.

Эл-Камышлы шаары күрддөр жашаган аймакка жакын жайгашкан. Күрд күчтөрү АКШ жана эл аралык коалициянын башка мүчөлөрүнүн жардамы менен өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы күрөшүүдө. Ошондой эле аларга катарлаш Латакиядагы Орусиянын Жер ортолук деңизиндеги аскерий базасы да күрөш жүргүзүүдө.

Өткөн жылы сентябрда Латакиядагы аскердик база ачылганга чейин да орусиялыктар алгач чалгын жүргүзүп келгени маалым.

XS
SM
MD
LG