Ссылки доступа

Орусия кризиске каршы чара даярдоодо


Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, каатчылык менен күрөшүү чараларына ылайык, Орусияын Каржы министрлиги экономиканы колдоо үчүн 135 миллиард рубль бөлөт.

340 миллиард рубль улуттук валютанын наркынын кескин ылдыйлап кетишине байланыштуу коомдогу нааразылыктар менен карапайым жарандардын абалынын начарлашын алдын алууга жумшалат.

Орусиядагы каатчылыкка мунай баасынын арзандашы, Украинадагы саясаттан улам Батыш жарыялаган санкциялар жана рублдин наркынын төмөндөшү таасир этүүдө. Орус акчасынын куну өткөн аптада кескин түшүп, бир доллар 84 рублга барабар болду. 22-январда кайра доллардын наркы 78 рублга теңелди.

Москванын кризиске каршы чаралар топтому толук иштелип бүтө элек. Анда өнөр-жай жана курулуш тармактарына колдоо көрсөтүү демилгеси камтылган. Автоунаа өндүрүшүнө 50 миллиард рубль бөлүнөрү күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG