Ссылки доступа

Түркия менен АКШ ИМге каршы биргелешкен чараларды издейт


Эки өлкө өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топтун үстүнөн жеңишке жетүү үчүн биргелешкен аскердик чечим чыгарууга даяр.

Бул тууралуу АКШнын вице-президенти Жо Байден Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен жолугушуудан кийин билдирди.

Анын айтуусунда, Сирия бийлиги менен козголоңчулардын ортосунда сүйлөшүү аркылуу кырдаалды турукташтыруу аракети көрүлөт. Ал эми террордук топко каршы күрөштө аскердик аракеттер талап кылынат.

Бириккен улуттар уюмунун ортомчулугу менен Сирия бийлиги жанаоппозициянын жолугушуусу жакынкы күндөрү өтүүгө тийиш. Улуу Британия премьер-министри Дэвид Кэмерон Орусия дагы бул жараянда катышуусу керектигин жарыялады.

Байдендин айтуусунда, АКШ “Ислам мамлекетин” жок кылууну көздөйт. Ошол эле маалда Түркияда тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясы Анкара үчүн жихадчылар сыяктуу эле коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

"Булар кадимки эле террордук уюм. Алардын кылгандары кабыл алынгыс", - деди Американынвице-президенти.

Көз карандысыз мамлекет түзүүнү көздөп келген күрддөр менен Түркиянын ортосундагы куралдуу чатак 30 жылдан бери уланып келет. Бул мезгил аралыгындагы кагылыштардан 40 миңден ашуун адам мерт кетти.

XS
SM
MD
LG