Кыргызстанда аталган илдетти жуктуруп алган биринчи адам 1996-жылы катталган. 2016-жылдын январь айына карата 6110 адам бул илдетке чалдыкканы расмий аныкталды. Каза тапкан 1343 адам да ушул сандын ичине кирет. Ушул тапта дарттын акыркы стадиясы - СПИД менен жабыркап жаткандар 416 киши.
Оорусу аныкталгандардын 4061и эркектер, 2049у аялдар. Балдардын саны – 554.
ВИЧ жуктургандардын 51 пайыздан ашуунун маңзат колдонуучулар. Калгандары жыныстык жол жана дарыгерлердин шалаакылыгы менен ооруга кириптер болушкан. Адистер ооруга чалдыккандар бейрасмий мындан да көп экенин белгилешет.