Ссылки доступа

Кыргызстан Түркия менен соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар


Кыргызстан Түркия менен экономикалык алакаларды жакшыртууга өзгөчө көңүл бөлөт.

Бул тууралуу Экономика министри Арзыбек Кожошев Түркиянын Өнүгүү министри Жевдет Йылмаз менен Анкарадагы жолугушууда билдирди. Анын айтуусунда, Түркия Кыргызстандын тышкы соодадагы негизги өнөктөштөрүнүн бири.

Жеевдет Йылмаз эки тараптуу кызматташтыкка оң баа берип, аны мындан ары дакүчөтүү зарыл экенин белгиледи.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар алмашуу 2015-жылы бир жыл мурдагыга караганда 80 миллион долларга азайган. 2014-жылы товар алмашуу 312 миллион доллардан ашса, 2015-жылы 232 миллион 800 миң долларды түзгөн.

Адистердин белгилешинче, экспорт жана импорттун төмөндөшү дүйнөдөгү экономикалык кризистерге жана Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине киргенине байланыштуу болгон. Кыргызстанда кыргыз-түрк биргелешкен 300 ишкана бар. 21-22-январда Анкарада эки күндүк кыргыз-түрк бизнес форуму өттү.

XS
SM
MD
LG