Ссылки доступа

ИМге кошулган тажик жарандарынын саны миңден ашты


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өкмөттүн кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөп жатып, жаштардын террордук топтордун катарына киришине байланышкан маселеге кайрылды.

Анын айтуусунда, миңден ашуун тажикстандыктар өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук уюмга кошулуп, Сирия менен Ирактагы согуштук аракеттерге катышууда.

Сирия менен Иракка 146 тажик үй-бүлөсү жана Жогорку окуу жайларды билим алган 21 студент көчүп кеткен. Президенттин айтуусунда, жаштарды экстремисттик топторго тартуу мечиттерде, өлкөдөгү жана чет жактардагы диний жайларда, интернетте жүргүзүлүүдө.

Дүйшөмбү, Хожент,Исфара, Истаравшан, Куляб, Шаартуз, Бохтар шаарларында тажик жаштары көп азгырылып жатат. Эмомали Рахмон буга ата-энелердин жоопкерсиздиги, жаштарды спорт менен маданиятка тартуу үчүн шарттын жоктугу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарындагы жетишсиздиктер себептигинетоктолду.

Буга чейин бийлик “Ислам мамлекети” тобунун катарында жүргөн тажикстандыктардын саны 500дөй экенин маалымдаган. Расмий Дүйшөмбү террордук жана экстремисттик уюмдарга кошулуп кеткендер мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратарын айтып, 2014-жылдын майында кылмыш кодексине өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык, чет мамлекеттердеги куралдуу жаңжалдарга катышкандар 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат.

XS
SM
MD
LG