Ссылки доступа

«Газпром»: Кыргызстанды көгүлтүр от менен камсыздоо боюнча милдет толук аткарылат 


Орусиянын “Газпром” компаниясы Кыргызстандагы бардык милдеттенмелерин так аткарарын дагы бир жолу билдирди.

“Газпром Кыргызстан” ишканасынын маалымат кызматы билдиргендей, кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимде көрсөтүлгөн бардык жоболор ирээти менен жүзөгө ашууда. Компания Казакстанга болгон 41 миллион доллардан ашык карызды төлөгөнүн, ошону менен бирге “Кыргызгаздын” эл аралык уюмдарга жана мамлекетке болгон 900 миллион сом карызы жоюлганын эске салды.

Буга чейин Кыргыз Өкмөтү “Газпромдун” өлкөнү газдаштыруу боюнча инвестициялык программасы ишке ашпай калышы мүмкүн экенин эскертип, муну жаңы конуштар даяр газга караганда, электр энергиясын көп пайдаланып жатканы менен түшүндүргөн.

“Газпром” 2014-жылы “Кыргызгазды” карыздары менен бирге шарттуу түрдө 1 долларга сатып алган.

Тараптар Кыргызстанды газ менен камсыздоо боюнча башкы планды бекиткен. Ага ылайык, жакынкы жылдарда өлкөнү газ менен камсыздоо үч эсе көбөйөрү айтылган. “Газпром” үч жыл аралыгында 34 миллиард рубль инвестиция жумшай турганын жар салган. Ал эми 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60 пайызы көгүлтүр от менен камсыздала турганын убада берген эле. Келечекте 411 айыл же 911 миң кожолук газдаштырылышы керек. Бул үчүн “Газпром” 2 750 чакырым газ түтүгүн салууга тийиш.

XS
SM
MD
LG