Ссылки доступа

Борбор Азия 2016-жылдагы мыкты туристтик аймак деп табылды


Туристтик саякаттарды уюштуруу менен алектенген канадалык «G Adventures» компаниясы Борбор Азия чөлкөмүн 2016-жыл үчүн мыкты туристтик багыттардын катарына кошту.

Аталган туристтик оператордун изилдөөсүндө саякатка мыкты делген өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланып, биринчи орунду Борбор Азия, экинчи орунду Жапония алган. Андан кийин Түндүк Бразилия, АКШнын түндүк-батыш тарабы жана Шри-Ланка турат.

«G Adventures» - чакан туристтик топтор үчүн саякаттарды уюштуруу менен шугулданган компания. 1990-жылы негизделген ишкана «Greenpeace» жана башка экологиялык уюмдар менен кызматташат.

Былтыр декабрда британиялык The Guardian гезити Кыргызстандагы альпинизмдин артыкчылыктары тууралуу макала жарыялаган. 2016-жылдын башында Financial Times басылмасы өлкөнү саякаттоого ыңгайлуу 7 өлкөнүн катарына кошкон.

Ошону менен бирге Business Insider эл аралык маалымат порталынын тизмесинде Кыргызстан быйыл туристтер барууну каалаган алдыңкы 12 өлкөнүн катарына илинген.

XS
SM
MD
LG