Ссылки доступа

Орусияда тажикстандык артист 16 жылга кесилди


Перм шаардык соту тажик артистин баңгизатты мыйзамсыз колдонгон деген айып менен 16 жылга эркинен ажыратты.

Соттолгон адамдын аты-жөнү ачык айтылбаганы менен жалпыга маалымдоо каражаттары анын Кахрамон Шарифзода болушу ыктымалдыгын жазып чыгышты. Анткени 2014-жылдын сентябрында Кахрамон Шарифзода аттуу ырчынын камалгандыгы тууралуу кабар тараган. Ал тургай Орусиянын маалымат телеканалдары ырчынын «Оре» деп аталган чыгармасынын үзүндүсүн көрсөтүшкөн.

Шаардык прокуратуранын маалыматына ылайык, соттолгон ырчы Перм шаарына 2014-жылдын сентябрында келген. Ал 100 грамм героин сатканга аракеттенген жерден колго түшкөн.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги болсо Шарифзоданын Орусияда камакка алынганын тастыктап, бирок анын шоу-бизнестин өкүлү экени тууралуу маалыматты чекке каккан.

Кахрамон Шарифзода Хатлон облусунун Руми районунун жашоочусу. Мекенинде “баңгизатты колдонуучу жана сатуучу” катары милициянын каттоосунда турат. Ал эми туугандары жана достору ал Орусияга акча табуу жана жаңы клип тартуу максатында барганын айтышууда.

38 жаштагы Шарифзоданын карааны Тажикстандын шоу-бизнесинде 4 жыл мурун байкалып, андан бери беш гана клип жаздырган.

XS
SM
MD
LG