Ссылки доступа

Сирия боюнча сүйлөшүүлөр артка жылды


Женевада 25-январга белгиленген сүйлөшүүлөр 29-январга которулганын Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн артка жылышына Башар Асаддын өкмөтүн колдоп жатышкан Орусия жана Иран менен Сирия оппозициясына кайсы топ өкүл боло турганына байланыштуу пикир келишпестиктер түрткү берген. Де Мистуранын айтуусунда, Сирия оппозициясына чакыруу бүгүн жиберилет.

БУУнун ортомчулугу менен өтө турган талкууда тынчтыкты калыбына келтирүү, чатакты сүйлөшүү менен жөнгө салуу маселелери талкууланат. Баарынан мурда ок атууларды токтотуу, муктаждарга гуманитардык жүктү көбөйтүү аракеттери кабыргасынан коюлмакчы.

Буга чейин АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри эл аралык коомчулуктун ортомчулугу менен Сириянын өкмөтү жана оппозициялык топтордун жолугушуусу ар кандай пикир келишпестиктерге карабай, кийинки айда баштала турганын билдирген.

Тараптар оппозицияга ким өкүл болушу керектиги тууралуу маселеде мунаса таба албай жатышат. Бул багыттагы алдын ала кеңешмелер 25-январга белгиленген эле. Андан кийин бийлик менен оппозиция кайсы күнү жолугушары тууралуу макулдашуу Бириккен улуттар уюмуна жолдонуп, акыркы чечим кабыл алынмак.

Январдын ортосунда БУУ дүйнөлүк державалар, анын ичинде Орусия менен АКШ Сирия оппозициясына өкүл болуу боюнча бир пикир табууга тийиш экенин жарыялаган. Сирия чатагында Москва Башар Асаддын бийлигин, Вашингтон оппозицияны кубаттап келет.

XS
SM
MD
LG