Ссылки доступа

Өзбекстанда өз жанын кыйган өспүрүмдөр көбөйдү


Самаркан облусунун Пастдаргам районунда 22-январда 8-класстын окуучусу Рустам Косимов асынып алды.

Буга мектеп жетекчилигинин аракети жана үй-бүлөдөгү абал себеп экени айтылууда. Жогор жактан текшерүүлөрдү батырак бүткөрүү үчүн маркум окуган №82 мектептин директору Замира Усманова мугалимдерден акча чогулта баштаган. Бул жерде окутуучу болуп иштеген Рустамдын апасы да акча берген. Ошол күнү үй-бүлөдө каражаттын айынан уруш чыгып, Рустамдын атасы апасын катуу сабап салган. Бала энесине жаны ачып, коңшуларынын үйүнө акча уурдоо үчүн кирген. Ал тилеги ишке ашпай, кармалып калып, өз жанын кыюуга барган.

Рустам Косимов астма илдетинен жабыркап, мектепте да окууга жетишпей келген. Үй-бүлөсүндө жаңжал көп болгондуктан, ата-энеси ага көп көңүл бурбай жүргөнү да белгилүү болду.

Самаркан облустук прокуратурасынын алдындагы жашы жете электер менен иштөө боюнча комиссиянын билдирүүсүндө, аймакта өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук азайганы менен, алардын суицидге барган учурлары уланууда. Пастдаргам районунда былтыр да №82 мектептин 7-классынын окуучусуСохиба Туримова өз жанын кыйган эле.

XS
SM
MD
LG