Ссылки доступа

Сирия жана Ирактагы согушта 150гө чукул тажик жараны каза тапты


Тажик Ички иштер министри Рамазон Рахимзода 25-январда билдиргендей, 61 киши Жакынкы Чыгыштан кайтып келген, 148и кармаштарда набыт кеткен.

Буга чейин президент Эмомали Рахмон жихадчылардын катарында 21 студент бар экенин айткан. Президент экстремисттер жаштарды негизинен мечиттерде жана өлкө ичиндеги же сырттагы диний жайларда жалдашаарын белгилеген.

Ички мекеменин башчысы былтыр жихадчыларга кошулган полковник Гулмурод Халимов эки ирет жарадар болгонун кошумчалап, аны колго түшүрүү аракеттери көрүлүп жатканын айтты.

Министр дем алыштарда борбор шаар Дүйшөмбүдө коопсуздук чараларын күчөтүүнү машыгуу болгондугу менен түшүндүрдү. Жергиликтүү жашоочулар тартип коргоочулардын саны кадимкидей көбөйгөнүн, шаарга кетчү кан жолдордо кошумча текшерүү пункттары орнотулганын айтышкан.

XS
SM
MD
LG