Ссылки доступа

Кыргызстанда 61 адам чочко тумоосуна чалдыкты


Сасык тумоонун H1N1 түрү (чочко тумоосу) Кыргызстанга да жетип, 61 адам аны жуктуруп алды.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалымат катчысы Шабдан Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча өткөн жылдын декабрынан бери 325 бейтап кайрылып, алардын 61и чочко тумоосуна чалдыкканы тастыкталган. Учурда сыркоолордун баары дарыланууда, өмүрүнө коркунуч келгендери жок. Дарыгерлер чочко тумоонун алгачкы белгилери кадимки сасык тумоодон көп деле айырмаланбай тургандыгын, андыктан ооруканага убагында көрүнүүнү эскертишет.

Чочко тумоосу 2009-жылы дүйнөгө өтө тездик менен жайылып, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия коркунучу тууралуу эскерткен. Ал кезде бир жылда бул кеселден 18 жарым миңден ашуун адам көз жумган болчу.

XS
SM
MD
LG