Ссылки доступа

Путин: Сирияда аба соккулары уланат


Орусиянын президенти Владимир Путин Сирия лидери Башар Асадга баш ийген күчтөргө колдоо канча убакыт керек болсо, орус авиациясынын соккулары да ошончо мөөнөт улана турганын билдирди.

Ставрополдогу студенттер менен кездешүүдө мамлекет башчы Москва Асаддын аскерлерине "террорчуларды талкалоого" жардам берүүнү максат кылаарын айтты.

Путин Орусия ал өлкөнүн “мамлекеттик түзүлүшүнө, Сирия же аймактагы башка өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү чечүүгө аралашууга ниеттенбейт, орус куралдуу күчтөрү элге, легитимдүү жетекчиликке терроризмге каршы күрөшүүгө көмөктөшүүдө” деп билдирди.

Орус президентинин бул сөзүнө чейин Сириянын чыгышында орус аба күчтөрүнүн соккусунан 63 киши өлгөнү тууралуу маалымат чыккан.

АКШ жана НАТО орусиялык учактар Асад режимине каршы көтөрүлгөн козголоңчу топторду бутага алып жатканын ырастап келатышат.

XS
SM
MD
LG