Ссылки доступа

Тажикстан валюта саясатын катуу тескөөгө киришти


Өлкөнүн Улуттук банкы Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча долбоор даярдалып жатканын жарыялады. Ага ылайык, мыйзамсыз валюталык операцияларды жүргүзгөндөр жазага тартылат.

Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Жамшед Нурмухаммадзода билдирди. Анын айтуусунда, мындан ары өлкөдө чет элдик валюталарды алмаштыруу банктарда жана кредиттик уюмдарда гана жүргүзүлүүгө тийиш.

Мыйзам долбоордун башкы максаты – улуттук акчанын наркын көтөрүүгө багытталган. Тажик бийлиги кызыл кулактардын айынан сомонинин куну качып, доллар кескин жогорулап кеткенин айтууда.

Буга чейин расмий Дүйшөмбүнүн чечими менен өлкөдө акча алмаштыруучу жайлар жабылган. Валюталык операциялар, анын ичинде сатып-алуулар банктарда, алардын жер-жерлердеги бөлүмдөрүндө жана кредиттик уюмдарда гана ишке ашырылууга тийиш болгон.

Улуттук банк алардын ишмердүүлүгү калыбына келет, деген маалыматты четке какты. Былтыр ноябрда Тажикстанда сомонинин долларга карата наркы 10 пайыз ылдыйлаган.

XS
SM
MD
LG