Ссылки доступа

Өзбекстанда мурдагы чекист негиздеген сайт жабылды


Мындай маалымат AsiaTerra интернет басылмасынан алынды.

Жабылган 12news.uz сайтын өзбек президентинин мурдагы басма сөз катчысы, Улуттук коопсуздук кызматынын экс-кызматкери Дилшод Нуруллаев түптөгөн. Азыр аны ачууга мүмкүн болбой жатат.

Мамлекеттин саясатын даңазалап келгендердин катарын толуктаган бул сайтка күн сайын 10 миңден ашуун адам кирип турган. Ошондой эле порталга Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук кызматы берген маалыматтар жайгаштырылчу. Аны жабууга эмне себеп болгону ачык айтылган жок.

Анткен менен сайттын ээси делген «Media-Balans» уюмундагы булактар бийликке жакпай калган маалыматтар жарыяланып, мүчүлүштүктөр кеткендиктен, мындай чечим кабыл алынганын билдирген.

Өзбек президенти Ислам Каримов Астанага расмий сапар менен кеткенден кийин сайт Ташкенде казак маданий борборунун иши убактылуу токтотулганы тууралуу кабар тараткан. Бийлик муну туура эмес деп сыпаттап, аталган борбор Каримовдун сапарынан үч ай илгери эле иштебей калганын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG