Ссылки доступа

Дүйшөмбүдө чырлуу мүлктү конфискациялоо жараяны башталды


Тажикстанда сот аткаруучулар өлкөгө экономикалык зыян келтирген деп айыпталып, 29 жылга эркинен ажыратылган ишкер Зайд Саидовду Дүйшөмбүдөгү үйүн гана эмес, жакын туугандарынын кыймылсыз мүлктөрүн бошотууну талап кылууда.

Буга анын үй-бүлөсү нааразылык билдирип жатышат. Тун уулу Хайрулло Саидов 25 адамдын башкалкасы жок, сыртта калуу коркунучу жаралганын айтууда.

Анын пикиринде, Кылмыш кодексинин 57-беренесине ылайык, соттолгон адамга катталган мүлктөр гана мамлекет эсебине өтүшү керек. Бирок соттун чечими боюнча Саидовдун 45 жылдан бери жашап келген аталаш туугандарынын турак-жайлары да конфискация тизмесине кошулуп кеткен.

Бийлик өкүлдөрү бул боюнча пикирин айта элек.

56 жаштагы ишкер Зайд Саидов 2013-жылдын майында “Жаңы Тажикстан” аттуу саясий партияны негиздей турганын жарыялагандан кийин камакка алынган. Декабрда ага кызматтык абалынан кыянат пайдаланган, көп аял алган, жемкордук, зордуктоо фактылары боюнча айып тагылып, 26 жылга кесилген. Былтыр июлда Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн дагы 3 жылга узарткан.

Соттун чечими боюнча Саидовго жана анын туугандарына тиешелүү 8 ишкана конфискацияланган. Алардын арасында «Гулистан» тигүү фабрикасы жана «Тажик мармар» ишканасы бар.

Зайд Саидов жана анын тарапташтары бийликтин аракетинин артында саясий негиз бар экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG