Ссылки доступа

 Путиндин мурдагы аялы жаңы турмуш курганы айтылууда


НТВ телеканалы Орусия президенти Владимир Путиндин мурдагы жубайы Людмила Путина жаңы турмуш курганын "Күн жыйынтыгы" маалымат программасынын анонсунда билдирди.

Анда телеканал президенттин мурдагы аялынын жаңы күйөөсүнүн атын атоону да убада кылган.

Аз күн мурда "Собеседник" журналы бул боюнча иликтөө жарыялап, анда Людмила Путина жаңы турмуш куруп, фамилиясын да өзгөртүп алганын жазган. Анда ал Жеке байланыштарды өнүктүрүү борборунун башчысы, 37 жаштагы Артур Очеретныйга турмушка чыкканы айтылат. Журналдын маалыматына караганда, жаңы күйөө мурда "Арт шоу борбор" деген фирмада иштеп, ар кандай иш-чараларды, анын ичинде "Бирдиктүү Орусия" партиясына тиешелүү иш-чараларды да уюштуруп жүргөн экен.

Фамилия өзгөртүү боюнча маалыматты 25-январда Коррупцияга каршы күрөшүү фондунан да ырасташкан. Фонддун бир кызматкеринин айтымында, Людмила Путинанын атына катталган Петербургдагы үй 2015-жылдын августунда Людмила Очеретнаянын менчигине өткөн. Анын туулган жери жана күнү президенттин мурдагы жубайыныкына дал келет. Президент Владимир Путин 2013-жылдын июлунда аялы менен ажырашканын жар салган.

XS
SM
MD
LG