Ссылки доступа

Ооганстанда бачабаздарды ооздуктоо мүмкүн болбой жатат


Ооган бийлиги жашы жете элек балдарды бачабаздыкка тартуу жана аларды бийлетип, маашырлануу боюнча мыйзамсыз көрүнүшкө бөгөт кое албай жаткандыктарын айтууда.

Өлкөдө салтанаттарда чоң суммадагы акча төлөп берүү менен аялдардын кийимин кийген өспүрүмдөрдү бийлетүү адатка айланган. Көп учурда балдар буюртма берген адамдардын сексуалдык зомбулугуна кабылат.

Өкмөт азырга чейин бул көрүнүштү жок кылуу жолун таба элек. Жергиликтүү укук коргоочулар бул терс жосундан улам, жаш балдарды уурдап кеткен учурлар арбын болуп жатканын белгилешет.

“Талибан” кыймылы бийликте турганда балдарды бачабаздарга айлантууга, аларды бийлетүүгө тыюу салынган. Алар кулатылгандан кийин бул терс жорук кайра пайда болду.

XS
SM
MD
LG