Ссылки доступа

Орусия Сириядагы кошумча база тууралуу маалыматты четке какты


Орусиянын Коргоо министрлиги расмий Москва Сирияда экинчи аба базасын курууну максат кылбай турганын жарыялады.

Мекеменин басма сөз катчысы, генерал-майор Игорь Конашенков Латакия провинциясында жайгашкан Хмеймин аба базасы жетиштүү экенин билдирди. Анын айтуусунда, бул жерден орус учактары Сириянын кайсы аймагы болбосун жарым саат аралыгында жетип бара алгандыктан, кошумча база куруу зарылдыгы жок.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары орусиялык аскерлер тобу, анын ичинде инженерлердин Түркияга чектеш Эл-Камышлы шаарындагы кароосуз калган аэродромго барганын, бул сапардын “чалгын” экенин кабарлашкан.

Былтыр сентябрда Латакиядагы аскердик база ачылганга чейин да орусиялыктар алгач чалгын жүргүзүп келгенин эске салышкан.

Өткөн аптада Орусиянын жардамы менен Сириянын өкмөттүк күчтөрү козголоңчулардан бир катар аймактарды тартып алган. Муну менен Башар Асаддын бийлиги оппозицияга туруштук бере албай жаткан айрым райондордогу позициясын бекемдеди. Москванын аракети Асаддын режимине Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдө өздөрүн ишенимдүү алып жүрүүгө шарт түзүп берди. Сирия боюнча сүйлөшүүлөр 29-январда Женевада болот.

XS
SM
MD
LG