Ссылки доступа

Питерде өзбек «авторитети» кармалды


Орусиянын укук коргоо органдары кылмыш дүйнөсүндө Москвалык Хусан аттуу каймана аты бар 60 жаштагы өзбек ишкерин кармады.

«Прайм-крайм» басылмасы жазып чыккандай, Хусан кылмыш дүйнөсү менен болгон байланышын танып, суракка алынгандан кийин бошотулду. Анын чыныгы аты-жөнү Хусан Зиямухаммедов. Бирок, “мыйзамдагы ууру” делген бул адам кылмыш чөйрөсүндө Ташкендик Хусан катары белгилүү. Ал Ташкен, Москва жана Петербургда бир нече батирге ээлик кылары айтылып келет. Ошондой эле КМШ өлкөлөрүндөгү кылмыш чөйрөсүнүн падышасы деген атка конгон «Хасан карыянын» (Аслан Усояндун) колдоочусу болгон. Бирок полиция менен кызматташа баштагандан кийин кылмышкерлердин колдоосунан ажыраган.

Хусан Зиямухаммедов Минск конвенциясынын алкагында Өзбекстанга депортациялануудан корккондуктан, Орусиядан Италияга барып жашоону максат кылганы айтылууда. Өзбекстанда ага Орусияга айыл чарба продукциясын уруксатсыз жиберген жана чет элдик валютанын мыйзамсыз саткан деген айыптар коюлуп, кылмыш иши ачылган.

XS
SM
MD
LG