Ссылки доступа

Алматада коомдук транспортто электрондук төлөмдөр киргизилди


Алмата шаарынын акими Бауыржан Байбек маалымдагандай, коомдук транспортто «Онай» электрондук төлөмдөр системасын ишке киргизүү менен, көмүскө экономикада айланган ири каражатты ачыкка чыгаруу аракети көрүлүүдө.

Казынага 6-7 миллиард теңге түшөрү божомолдонуп жатат.

Шаарда 11-январдан тарта коомдук транспортто накталай акчалар менен жол кире төлөмдөрү жокк чыгарылды. Ар бир автоунаада терминал коюлуп, жүргүнчүлөр акысын «Онай» картасы аркылуу төлөй баштады.

Бир жолку жол акысы 80 теңге. Студенттер жана ардагерлер үчүн 50 пайыз арзандатуулар каралган.

Жаңы эреже коомдук унаалардын айдочууларынын арасында нааразычылык жаратты. Кээ бир жүргүнчүлөр дагы жол билеттердин алып салынышына нааразы болушууда. Аким Бауыржан Байбек жол билеттери кайра киргизилиши мүмкүн экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG