Ссылки доступа

Нарын: өкмөткө каршы митингге чыккандар тарады


Чогулгандар өз талаптарын президентке, парламентке жана өкмөткө кагаз жүзүндө жолдомой болушту.

Өкмөткө нааразылар тоолуу аймактын жеңилдиктери алынбай тургандыгын тастыктаган токтомду элге көрсөтүүнү, электр энергиясын арзандатууну жана соцфонд төлөмдөрүн мурдагы калыбында калтырууну талап кылышты. Митингге чыккандар малдын арзандыгына жана ГЭСтин курулбай калганына да нааразылык билдиришти.

Митингге, уюштуруучулардын айтымында, миңге чукул, жергиликтүү бийликтин эсебинде 500дөй киши катышты. Митинг уюштуруучулары талаптар боюнча өкмөттөн 10-февралга чейин жооп күтөт.

Буга чейин нарындыктар өкмөттүн бийик тоолуу жана алыскы аймактарга каралган жеңилдиктерди алып салуу демилгесине каршы чыгышкан.

25-январда өкмөт башчы Темир Сариев чукул жыйын куруп, өкмөт бийик тоолуу аймактардан жеңилдиктерди алып салуу боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртып алган.

XS
SM
MD
LG