Ссылки доступа

Орусияда тажик жараны террорчулук жана баңгизаттарын сактаганы үчүн 7 жылга кесилди


Орусиянын Жогорку соту Ставрополдун тургуну менен кат жазышып, ага үйлөнүп,Сирияга алып кетүү үчүн келгенде кармалган Тажикстандын жараны Хуршежон Михтожовду жети жылга эркинен ажыратты.

Кармалган учурунда милиция андан баңгизаттары менен экстремисттик китептер табылганын билдирген.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары кабарлагандай, тажик жараны сотто өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган террордук топко тиешеси жок экенин, Сирияга элдин оор турмушу тууралуу документалдык тасма тартуу үчүн барууну көздөгөнүн айтты.

Жараянда ал эне тилинде сүйлөп, муну орус тилин унутуп калганына байланыштырганы менен, журналисттер анын ставрополдук айым менен кат алмашуусу орусча жазылганына көңүл бурушууда.

Сот Михтожовду террорчуларга көмөктөшкөн жана маңзаттарын сактаган деген айыптар боюнча күнөөлүү деп тапты.

Орусияда кыздардвн радикал-экстремисттердин бутасына көп айлана баштаганы байкалууда.

XS
SM
MD
LG