Ссылки доступа

Өзбекстанда криминалдык авторитетке мечит курууга уруксат берилбеди


Өзбек бийлиги "кылмыш дүйнөсүнүн авторитети" делген Салимбай Абдувалиевге бузулуп калган «Жоробек» мечитин оңдоого тыюу салды.

Uzmetronom.com. интернет басылмасы маалымдагандай, мечит былтыр жазында күйүп кеткен. Эми оңдоо иштери башталууда. Аны белгилүү өзбек ишкер жана меценат, кылмыш дүйнөсүндөгү лидер атыккан Салимбай Абдувалиев өз каражатына оңдомокчу болгон.

Долбоорду ишке ашырыш үчүн Абдувалиев мечитке жакын жайгашкан 3 үйдү сатып алып, алардын ээлерине 150 миң доллардан төлөп берген.

Салимбай Абдувалиев өкмөткө 3 жолу кайрылып, бирок мечитти тургузганга уруксат ала албай койгон.

Диний иштер боюнча комитет мечит жакынкы айда оңдөп-түзөлөрүн кабарлап, бирок ага кайсы каражат жумшаларын тактаган жок.

XS
SM
MD
LG