Ссылки доступа

Казакстанда доллар 420 теңгеге жогорулашы күтүлүүдө


Өлкөдөгү ондогон улуттук ири компанияларды бириктирген «Самрук-Казына» фонду быйыл казак акчасынын куну дагы качып, бир доллар 420 теңгеге чыгарын божомолдоодо.

Reuters агенттиги «Самрук-Казына» фондунун башкармалыгынын мүчөсү Елена Бахмутованын мунайдын баррели 20 долларга түшкөн чакта, бир доллардын наркы 420 теңге болушу ыктымал, деген билдирүүсүн жарыялады. Анын айтуусунда, эгер мунайдын баасы 35 долларга көтөрүлсө, акча алмаштыруучу жайларда доллар 380 теңгеге айланышы мүмкүн.

Казакстандын улуттук валютасынын куну былтыр августта теңге эркин кое берилгенден кийин кескин ылдыйлаган.

Улуттук банктын расмий маалыматы боюнча, бүгүн бир доллар 380 теңгенин тегерегинде. Казак бийлиги Brent үлгүсүндөгү мунайдын баррели 40 долларга бааланган жана доллар 300 теңге болуп турган кезде жазылган быйылкы жылдын бюджет долбоорун карап чыгууну көздөп жатат.

XS
SM
MD
LG